«Дүйнөнүн сулуу айымы»  каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

«Дүйнөнүн сулуу айымы»  каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

«Дүйнөнүн сулуу айымы» Сания Шакирова каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Жол коопсуздугун жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежесин бузуу»  беренеси менен тергөө улантылат. Каргашалуу кырсык өткөн ишембиде Балыкчы-Каракол унаа жолундагы Чок-Тал айылынын кире беришинде катталган.

Сания Шакирова жана анын жигити түшкөн таксинин айдоочусу автоунааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн. Кесепетинде, Карабалта шаарынын тургуну «Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакирова алган жаратынан улам жеринде мерт кеткен.

Таксист менен  дагы бир жүргүнчү оор жаракат менен ооруканага түшкөн. 30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн сынакка  катышып, "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Маркумдун артында үч баласы калды.